Казакстан Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке көнүгүшүнө ар тараптуу жардам берет. Кыргыз-казак боордош эл экендигин дүйшөмбү күнү Астанада, өкмөттүк саат учурунда Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов казак депутаттарынын эсине салды.
Белгилей кетсек, буга чейин өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Брюсселге болгон иш сапарында Евроньюска Кыргызстан 2010-жылы оор күндөрдү башынан кечирип турган маалда Казакстан чек арасын 1,5 айдай жаап салып, ал адам өлүмү менен коштолгондугун айтып маек берген. Көп өтпөй казак тарабы Атамбаевдин айткандары боюнча түшүндүрмө сурап Кыргызстанга нота жиберген болчу. Өз кезегинде Республиканын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Казакстандын кыргызстандагы элчиси аркылуу Казакстанга түшүрмө жиберген болчу.
Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"