Жаңылыктар
Медициналык калдыктар кантип зыянсыздандырылат?
Ден соолук
Медициналык калдыктар кантип зыянсыздандырылат?

Саламаттык сактоо мекемелериндеги калдыктар кантип зыянсыздандырылат. Бул иш-аракеттерди көрүү үчүн биз Кардиология институтунун ооруканасына бардык. Бул жерде буу менен тазалоосу шаймандар алгачкылардан болуп ортонулган.

Бейтапка ийне сайгандан кийин же операциядан кийинки калдыктарды атайын бөлмөгө алып келишет. Медицина кызматкерлери тарабынан цехке алып келинген калдыктар 130 градус температурадагы буу менен тазаланып,10 мүнөт ичинде зыянсыз абалга келет. Атайын цехте бир айда 2 тоннага чейин калдыктар тазаланат.

Медициналык калдыктарды зыянсыздандыруу шаймандары өлкө аймагындагы бардык саламаттык сактоо мекемелеринде 8 жылдан бери иштетилип келет. Азырынча калдыктардан ооруу жугузган учурлар каттала элек.