Жаңылыктар
Медициналык пунктар шаймандар менен камсыздалды
Ден соолук
Медициналык пунктар шаймандар менен камсыздалды

Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы 100 фельдшердик-акушердик пункт медициналык калдыктарды зыянсыздандыруучу жаңы шаймандар менен камсыздалды. Анын курамында автоклав жана жогорку температурадагы буу менен тазалоочу шайман бар. 

Мунун баары медициналык ийне же, башка түрдүү каражаттардан жугуучу илдеттердин алдын- алуу максатында жасалууда. Айыл жерлериндеги медициналык мекемелерге шаймандар БУУнун өнүктүрүү программасы тарабынан берилди.