Жаңылыктар
Учак кырсыгынан жабыркагандарга ачылган бирдиктүү эсеп жабылды
Кыргызстан жаңылыктары
Учак кырсыгынан жабыркагандарга ачылган бирдиктүү эсеп жабылды

15- марттан тартып учак кырсыгынан набыт кеткендердин жакындарына жана андан жабыр тарткандар үчүн ачылган атайын бирдиктүү эсеп жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт. 

14-марттын саат 17:00 карата атайын эсепке 96 миллион 532 миң 26 сом, 61 тыйын чогулду. Акча каражаттары өкмөттүк комиссияга тапшырылат. Аларды бөлуштүрүү акыйкат болушу үчүн комиссиянын курамына жабыр тарткандар дагы киргизилген. 

Эске сала кетсек, 16-январда Гонконг-Бишкек-Стамбул рейси аркылуу кетип бара жаткан Боинг-747 жүк ташуучу учагы Дача-СУ айылына кулаган. Кырсыктын кесепетинен 34 кыргыз жараны, 4 түркиялык экипаж мүчөсү набыт болуп, 40 ашык үй жабыркаган.