Жаңылыктар
Ысымы түбөлүккө калчу инсандар
Кыргызстан жаңылыктары
Ысымы түбөлүккө калчу инсандар

Тескей Ала-Тоо кыркасындагы чокуга “Апрель революциясынын баатырлары” ысымы ыйгарылат. Буга уруксат берүүчү мыйзам долбоорун парламент бүгүн карап, 3 окууда добуш берүүгө жиберди. 

Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковдун айтымында, мыйзам долбоору “Апрель революциясынын” баатырларынын ысымдарын түбөлүккө калтыруу максатында сунушталууда.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун аймагындагы Тескей Ала-Тоо кыркасында жайгашкан 4142,2 метр бийиктиктеги чокунун аты жок. Мыйзам кабыл алынса, ал жерге “Апрель революциясынын баатырлары чокусу” деген географиялык аталыш ыйгарылат.