Жаңылыктар
Президент Алмазбек Атамбаев ишеним грамоталарын кабыл алды
Саясат
Президент Алмазбек Атамбаев ишеним грамоталарын кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда дипломатиялык миссиясы башталып жатканына байланыштуу беш мамлекеттин ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Ишеним грамоталарын өлкө башчыга Индия, Ооганстан, Эфиопия, Кот Дивуар жана Латвия өлкөлөрүнүн элчилери тапшырышты.

Алмазбек Атамбаев алардын маанилүү жана жоопкерчиликтүү миссиясынын расмий башталышы менен куттуктап, аталган мамлекеттер менен мындан аркы кызматташтык активдүү өнүгөрүн белгиледи. Ар бир мамлекет менен мамиле курууга негиздер бар экени, аны ишке ашырууга өкмөт жана президенттин аппараты тарабынан зарыл болгон бардык колдоо көрсөтүлөрү белгиленди. 

Өз кезегинде ыйгарым укуктуу элчилер президент Алмазбек Атамбаевге колдоосу үчүн ыраазычылык билдиришип, кызматташтыкты тереңдетүүгө болгон күч аракеттерин жумшай тургандыгына ишендиришти.