Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев өлкөдө болуп жаткан соңку окуялар боюнча билдирүү жасады
Саясат
Алмазбек Атамбаев өлкөдө болуп жаткан соңку окуялар боюнча билдирүү жасады

Ишеним грамоталарын кабыл алуу учурунда Алмазбек Атамбаев өлкөдө болуп жаткан соңку окуялар боюнча билдирүү жасады. Айрыкча өлкө башчынын дарегине негизсиз сын айтып, жалган жалаа жаап жаткандар тууралуу сөз болду. 

Президенттин билдирүүсүнүн бир бөлүгү өлкөдөгү сөз эркиндигине багытталган. Өлкө башчы белгилегендей Кыргызстанда азыр маалымдоо каражаттары чагылдырбай калган окуя дээрлик жок.

Өлкө башчы маалымдоо каражаттарына байланыштуу күн мурун атайын билдирүү жасаган. Анда дагы айрым медиа мекемелер, өздөрүн эркин журналист деп атап алгандар сөз эркиндигин кыянаттык менен пайдаланып жатканы айтылган.
Чынында эле сөз эркиндиги жогорку деңгээлде деп саналган батыш өлкөлөрүндө жалган маалыматтар үчүн катаал жоопкерчилик чаралары каралган.

Президент жалган жалаа үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү каалабайт. Бирок калпты тараткандар кандайдыр бир жол менен жооп бериши керек дейт.  Алмазбек Атамбаев анын дарегине негизсиз сын пикирлердин жаап жатканына эмне себеп болуп жатканын айтып берди.

Алмазбек Атамбаев, Кыргыз Республикасынын Президенти:

Тырмактай Кыргызстан эмес, дүйнөнү башкарган Америка кантип президент шайлаганын дагы эле түшүнбөй, териштирип жатат! Биз да анан декабрда алаканыбызды чаап “аттиӊ ай!..” деп олтуруп калбайлы!
Азыр бүт дүйнөдө согуш жүрүп жатат. Маалымат согушу.
Бул шылуундарга алданып, маңкурт, эл бузарларды ээрчип, булар тараткан ушактарга ишенип, кайрадан карегибиздей Мекенибизди уурулардын, мародерлордун колуна салып бербейлик! Кайрадан куркулдаган кузгундарга жем болбосун Кыргызстан! Ата-Мекенибиз, Ата-Журтубуз - Кыргызстан!
Көздү ача турган мезгил келди. Ойлоно турган мезгил келди.
Жараткан элибизди сасык саясатчылардан, ушакчылардан сактасын! Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин
!

Андыктан Алмазбек Атамбаев тынчтыкты, туруктуулукту сактоого чакырып, Президенттик шайлоодо эл өлкө башчылыгына татыктуу талапкерди өзү эле шайлап алат деген ишеничин билдирди.