Жаңылыктар
ЖК: сөз эркиндиги менен жоопкерчилик бирге болсун
Саясат
ЖК: сөз эркиндиги менен жоопкерчилик бирге болсун

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар сөз эркиндиги менен катар жоопкерчилик болушу керектигин жана далилсиз маалымат жазып, адамдын ар-намысына шек келтирген журналисттердин жоопкерчилигин кароо маселесин көтөрүштү. 

КСДП фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев айрым жалпыга маалымдоо каражаттары мамлекеттин коопсуздугуна доо кетирип жатканын баса белгиледи. 

Соңку кездери айрым журналисттер сөз эркиндигине жамынып, президенттин аброюна шек келтирген кабарларды таратып жатканын сынга алды. Арапбаев мамлекет башчынын ишмердиги жөнүндө мыйзамга, президенттин кол тийбестиги тууралуу документке таянып, журналисттерди жоопко тартууну сунуштады.

Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов депутаттарды конституциялык милдеттерди унутпоо керектигин айтып, мыйзам чыгаруучулар анын аткарылышын көзөмөлгө алуу зарылдыгын белгиледи.
40 мүнөттөй талкууланган маселе соңунда күн тарбине кирген жок. Аны алгач комитеттер карасын деп чечим кабыл алынды.