Жаңылыктар
Бюджетке түйшүк жараткан ишканалар жоюлат
Кыргызстан жаңылыктары
Бюджетке түйшүк жараткан ишканалар жоюлат

Өлкөдөгү айрым мамлекеттик ишканалар жоюлуп же кайрадан түзүлөт. Мындай чечим өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков тарабынан кабыл алынды. Премьер-министрдин тапшырмасы менен мамлекеттин үлүшү бар ишканалардын жана акционердик коомдордун санын кыскартуу боюнча жумуштар аткарылды.

Мамлекеттик ишканалардын көпчүлүгү бюджетке олуттуу пайда алып келбейт. Айрымдары көп жылдан бери чыгашалуу мекемелерге айланган. Өкмөт бул жагдайды иретке келтирүү максатында натыйжалуу иштебеген чыгашалуу мамлекеттик ишканаларды жоюу же кайра өзгөртүп түзүү ниетинде. Өкмөт башчы пайда алып келгендин ордуна айрым мамлекеттик ишканалар коммерциялык багытта иш жүргүзүп, коррупциялык уюмдун же схемалардын куралы катары иштеп жатат-деди.

2016-жылдын жыйынтыгы менен 33 мамлекеттик ишкананын жалпы кирешеси 43 млрд сомго чукул каражатты түзгөн. Өлкө бюджетине болгону анын 364 млн сому которулган.

Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча эми 31-мартка чейин министрлик, мекемелер жана мамлекеттик органдар мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд сунуштаган мамлекеттик ишканаларды кайра түзүү боюнча маселени иликтеп, сунуш киргизет.