Жаңылыктар
Майлы-Сууда жер көчтү
Өзгөчө кырдаал
Майлы-Сууда жер көчтү

Майлы-Суу шаарынын Сары-Бээ аймактык башкармалыгында көлөмү 700-800 миң кубметр жер сүрүлүп, 6 турак-жайга 1-2 метр жетпей калган. Ошол эле жерде жер кыртышынан 10-20 см жарака пайда болуп, 2 үй-бүлөнүн короо-жайларына коркунуч жаралган. 

Ал эми, Көпүрө-Башы аймагында көлөмү 300-400 миң, ушул эле аймакта көлөмү 100-150 миң кубметр жер сүрүлүп, 1-1,5 метр тереңдиктеги жер кыртышы көчө баштаган. Мындан үч турак-жайга коркунуч жаралган. Майлы-Суу шаардык жарандык коргонуу комиссиясы жер көчкөн жерлерге барып, абал менен таанышты.

Кооптуу аймакта жашаган тургундарды убактылуу башка жакка көчүрүү боюнча жергиликтүү бийлик жана тургундар менен сүйлөшүлдү. Учурда жер көчкөн жерге күнү-түнү көзөмөл жүргүзүлүүдө,- деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.