Жаңылыктар
КТРК "Миң Кыял FM" радиосунун продюсерлик кызматына конкурс жарыялайт
УТРК жаңылыктары
КТРК "Миң Кыял FM" радиосунун продюсерлик кызматына конкурс жарыялайт

 «Миң-Кыял FM» радиосунун продюсерине болгон талаптар:

- журналистика, социология жана башкаруу тармактардагы жогорку билимдүү

- жалпы иш стажы беш жылдан кем эмес

- кыргыз, орус тилдерин билүүсү зарыл, англис тилин билүүсү эске алынат (артыкчылык болуп эсептелет)

- Корпорациянын өнөктөштөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү билүүсү

- расмий кат алышууну жүргүзүүнү билүүсү

- маалымат мейкиндигинде багытын билүүсү

- радионун иши боюнча отчетторду түзүүнү билүүсү

- өзүнүн креативдүүлүгү, жогору коммуникациялуулугу, демилгелүүлүгү жогору бааланат

Урматтуу кандидат, өздүк резюмеңизди КТРКнын public@ktrk.kg электрондук дарегине 2017-жылдын 16-апрелине чейин жөнөтсөңүз болот. Эгерде Сиздин билимиңиз Корпорациянын талаптарына туура келсе, анда Сиз менен байланышка чыгабыз.

 

Суроолор боюнча төмөнкү номерге чалып кайрылсаңыз болот: 0 (312) 39 15 58