Жаңылыктар
Бишкекте универсиадалык мелдеш башталат
Спорт
Бишкекте универсиадалык мелдеш башталат

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда универсиадалык мелдеш башталды. Ачылыш аземине Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчиси Канат Аманкулов, Билим берүү министринин орун басары Абдиманап Муратов жана Олимпиада оюндарынын чемпиону, оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев катышты. 

Универсиаданы өткөрүү үчүн Билим берүү министрлиги 4 миллион 584 миң сом бөлгөн. Студенттер баскетбол, стол тенниси, шахмат, тогуз коргоол, волейбол, футбол, дзюдо, сууда сүзүү боюнча таймашат.