Жаңылыктар
Кыргызстандын жаратылышына суктанган швейцариялык турист
Туризм
Кыргызстандын жаратылышына суктанган швейцариялык турист

Швейцариялык турист Питер Хункер YouTube каналына 2016-жылдын жай айларында тартылган Кыргызстандын кооз жаратылышы тартылган видео роликти жарыялаган. Автор өзү тарткан видеого комментарий жазып жатып, өлкөнүн кооздугуна абдан суктанган. 

"Кыргызстандын табияты кайталангыс сулуулукка ээ. Республиканын ар бир бурчу өзүнчө кооз. Ал тургай эч нерсеси жок деген талаадан, тоолордон да өзгөчө көп түрдүүлүктү байкоого болот. Ош шаары Байыркы чыгышты элестетип, колориттик жашоону чагылдырат", — деп жазылат видеого карата жазылган сүрөттөмөдө. 

Үч минуталык ролик ушул жылдын жай айында Ысык-Көл, Соң-Көл, жана Орто-Токой суу сактагычынын жанынан тартылган. Кадрда бийик аска-зоолуу чокуларды жана улуттук ажайып жайларды көрүүгө болот.