Жаңылыктар
Азия Ньюс: Кыянбек Сатыбалдиев Жалал-Абад облусун артка тартууда
Саясат
Азия Ньюс: Кыянбек Сатыбалдиев Жалал-Абад облусун артка тартууда

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн Азия Ньюс тамаша ордуна деп “Келдибековдун саясий келечеги талкууга түштү” деген ат менен жарык көрдү. Жигиттин гүлү дегенди гезит Рустам Мамановго ыйгарып, ал жөнүндө кыска макаланы “Келечекте Мамановдун иши миңдеген жаштарга өрнөк болот” деген аталышта жазды. Азия айдыңындагы айыңдарды же интернет булактарындагы жаңылыктар менен да алгачкы бетинде бөлүштү. Айрым маалымат булактары Ислам Каримов кайтыш болгондон жарым жыл өткөн соң Өзбекстандын жетекчилигинин арасында ажырым пайда болгонун жазып чыгышканын, кеп өлкөнүн жаңы президенти Шавкат Мирзиёев менен Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Руслан Иноятов тууралуу болуп жатканы ЖМКлардын жазганына караганда Мирзиёев Казакстандыкындай реформатордук жолду тандаса, Иноятов салттуу каримовдук баалуулуктарды сактап калууну жактап жаткан сыягы. 

Ал эми өлкө ичиндеги саясий кептер “Ата Журттун” лидери же Ташиев  КСДПга оогону турабы? Мырзахматов азырынча Кыргызстанга кайтпайт, Кыянбек Сатыбалдиев Жалал-Абад облусун артка тартууда, Карашев спикер болсо, президенттин мураскери түндүктөн чыгат, Милиция ичинде Сүйүн Өмурзаковдун кадыры өсүүдө, Мыктыбек Абдылдаевдин тыныгуу жасаганында кандай сыр бар? Августка чейин Текебаевге соттун өкүмү чыгып, узак мөөнөт менен түрмөгө узатуу каралып атыптыр деген аталышта орун алды. Салянова менен Шыкмаматов шарттуу түрдө кесилип, мандаттарынан ажырайбы деген суроого да божомол келтирди. 

Төрөбаевдин духу түшүп оппозиционер болуудан айбыга баштады дегенге “эсиңерде болсо, Ош шаарынын аянтынан оң миңдеген элдин астында  Мелис Мырзахматов менен Бакыт Төрөбаев тандем түзүп, бири-биринен ажырагыстай болуп кучакташышкан. Бири-бирине ант беришип, карапайым калк астында бекем убадалашкан эле да. Бирок Мырзахматовду сатып кетпеди беле, көнгөн ишин кылат эми деген саптарды  жазды Азия Ньюс.  

Политклиника кандай макалаларга орун берди? 

 Бүгүнкү санын 23 млн сомго бааланган Президенттин аброю, “Шералынын чокою” деген ат менен чыгарды.  Бул тема же баш макала Өлкө президентинин  “бир ууч жалганчылар жана ушакчылардын чайкоочулук кылышына жол бербейбиз” деп кечээ айрым өлкөлөрдүн элчилери менен жолугушууда белгилеген сөзү, журналисттердин көз карандысыз уюмунун билдирүүлөрү жана ЖКтин депутаты Жанар Акаевдин парламенттик трибунада айткандары менен жазылды. 

Алгачкы бетиндеги жаңылыктар же  “УКМК Саляновага айыбын угузду” деген маалымат менен башталды. Чыга турган көз эле, чыгып кетти өзү эле деп ЖКти таркатуу же таркатпоо тууралуу маселе күн тартибиндеги талаш маселеге айланып калганын белгилеген гезит Парламент таркашы керекпи же жокпу деген суроону койду? Суроого катышкан айрымдарынын жоопторун угуза кетели. Саясий серепчи Бакыт Бакетаев: “булардын ордуна  кайра эле баягы байлар келет да” десе, экс-маданият министри Нурлан Шакиев “Токтоосуз түрдө таратыш керек деген ойду карманган, ЖКтин депутаты Максат Сабиров” Парламент тарабашы керек деп, буга бюджетти караш керек дегенди жүйөө кылса, дагы бир депутат Дастан Бекешов: “Мамлекеттеги туруктуулук үчүн парламентти таратпашыбыз керек? деген пикири менен бөлүшкөн. Салттуу түрдө жарыяланып жүргөн Президентке кат рубрикасы бул жолу Туркиянын жараны Алтан Жанберк Созердин  Кыргызстанга инвесторлорду чакыргандын ордуна, кордой беришеби? деген аталышта жазган кайрылуусун басты.