Жаңылыктар
Легендарлуу "Айчүрөк" операсынын жаңыланган варианты коюлат
Маданият
Легендарлуу "Айчүрөк" операсынын жаңыланган варианты коюлат

Легендарлуу "Айчүрөк" операсынын жаңыланган варианты - Бишкектеги кыргыз улуттук опера жана балет театрынын сахнасында коюлат. Спектакль 19-марттан 25-мартка чейин көрүүчүлөргө сунушталат. 15-мартта спектаклдин акыркы даярдыгы өттү. 

Костюмдар менен декорациянын баасы 3,5 миллион сомго турду. Бүгүнкү күндө бул опера жана балет театрындагы эң кымбат иш-чара деп аталууда. Спектаклга 300дөй адам, цирктен эки ат жана бүркүт тартылган.

“Айчүрөк” операсынын алгачкы премьерасы 1939-жылы 12-апрелде коюлган. Музыкасын композиторлор Владимир Власов жана Владимир Фере, таланттуу кыргыз композитору Абдылас Малдыбаев менен бирге коюшкан. 

Ал эми сюжеттеги “Манас” эпосундагы айдай сулуунун либреттосун акындар Жусуп Турусбеков, Жоомарт Бөкөнбаев жана Кубанычбек Маликов жазган. Бул ирет көрүүчүлөр “Айчүрөктүн” жаңы редакциясын гана эмес, заманбап көз караштагы башкача бир спектаклди көрө алышат.