Ат-Башы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүндө 12-14-март күндөрү болгон катуу шамалдан улам, Торугарт — Көк-Кыя — Кында унаа жолундагы кар күрткүдөн Ак-Сай өрөөнүнө кетчү жол жабылган.
Ал аймакта жааган кардын көлөмү нормадан көп болуп, малчыларга тоют жеткирүү үчүн унаа жолун ачуу зарылчылыгы келип чыккан. Жарандык коргонуунун техникасы жана жол тейлөө ишканасынын бир жүктөгүчү Торугарт — Көк-Кыя — Кында жолунун Торугарт участкасынан баштап тазалоо иштерин жүргүзгөн. Бирок катуу шамал басылбай, кайрадан жолго кар күрткүсү толуп, жолду ачууга техниканын күчү жеткен эмес.
Учурда тоют жүктөлгөн жүк ташуучу унаалар Торугарт чек ара постунда ары кете албай турушат. Жол каттамы ачылбагандыктан учурда 11 жүк ташуучу унаадагы 32 адам Торугарт чек ара постундагы үйлөрдө жолдун ачылышын күтүүдө. Жарандык коргонуу комиссиясынын мүчөлөрү жеринен ишти уюштуруу үчүн Ат-Башы районуна жөнөп кетишти.