Жаңылыктар
Бишкекте 18-марттан 22-апрелге чейин ишембилик өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте 18-марттан 22-апрелге чейин ишембилик өтөт

Бишкек шаарынын мэриясы калаа башчысы Албек Ибраимовдун "Жарайт Сити" долбоору аркылуу калаа тургундарын ишембиликке чакырган ролигин жарыялады.

18-марттан 22-апрелге чейин борбордо ишембилик өткөрүлөт. Ал эми бул ролик бардык калаа тургундарын коомдук пайдалуу эмгекке чакыруу максатында тартылган. Сюжет боюнча "Жарайт Сити" шоусунун президенти Нурсултан Курсанали уулу, мэрдин ордуна бардык шаардыктарды ишембиликке чакырып жаткан маалда сырттан Албек Ибраимов келип калат. Тамашачы калаа башчысына орун бошотуп берип, андан соң Ибраимов тургундарга өзү кайрылуу жасайт. Ишембилик борбор калааны көрктөндүрүү жана тазалоо максатында уюштурулат. Анда шаардык парктар, аянттар, менчик жана мамлекеттик имараттардын алды тазаланат.