Жаңылыктар
“Семетей” эпосу боюнча жаңы китеп жарыкка чыкты
Билим
“Семетей” эпосу боюнча жаңы китеп жарыкка чыкты

"Манас”эпосунун экинчи бөлүгү болгон “Семетей” эпосунун жаңы басылмасы чыкты. Манас тануучулар улуу манасчы Сагынбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин оозунан жазылып алынган кол жазмалардын түп нускасы кандай болсо, дал ошондой кылып китеп басып чыгарган. 

Сагынбай манасчынын варианты 9 китеп болсо, Саякбай манасчынын айткандары 10 китеп болуп басылган. Бул тарыхый эпостун үстүнөн манас таануучулар 25 жыл эмгектенишкен. 

"Мурун деле чыккан, бирок ал жерде саясатка байланыштуу кесилип калган. Азыр биз кандай жазылса түп нускасы ошондой мазмунда чыгардык. Ар бири миң нускадан чыкты",- деп билдирди академик Абдылдажан Акматалиев