Жаңылыктар
Токмок шаарында этникалык диаспоралардын форуму өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Токмок шаарында этникалык диаспоралардын форуму өттү

“Ыймандуу жана маданияттуу коом - эл биримдиги менен мамлекет бүтүндүгүнүн кепилдиги”. Дал ушундай ураан менен этникалык диаспоралардын форуму өттү. Анда түрдүү улуттардын ашканаларынан даярдалган тамак-аштары менен чыгармачыл топтордун өнөрү көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Аталган форум улуттардын биримдигин чыңдоого багытталган иш-чаралардын бирөөсү гана. Соңку жылдары бул багытта аткарылган иштер жемишин берип жатат.

Токмок шаарында уюштурулган форум Чүй облусундагы 20дай маданий борборлор менен этникалык диаспоралардын башын бириктирди. Иш-чара өлкөдө үчүнчү ирет өтүүдө. Буга чейин Ош, Жалал-Абад дубандарында болгон.

Тарыхта кара так менен калган өткөн оор күндөр унутула элек. Коопсуздук боюнча адистердин баамында карасанатай күчтөр дагы деле бар. Бирок, элдин биримдиги алардын максатын ишке ашырбайт.