Жаңылыктар
“Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча аракеттер уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
“Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча аракеттер уланууда

 Өкмөт “Коопсуз шаар” долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча аракеттерди улантып жатат. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баш болгон өкмөт өкүлдөрүнө эл аралык үч айти компания “коопсуз шаар” долбоору боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү. Азырынча бул сунуштар гана. Эгер мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырган ишканалардын тажрыйбасы жактырылса жакынкы аралыкта борбор калаада пилоттук долбоор иштей баштайт.

Сунушталып жаткан долбоорго ылайык заманбап жабдуулар - коомдук жайларда кыялын көрсөтүп, жолдо жүргөндө эреже бузгандарды эле видеого түшүрбөйт. Алкагы кененирээк болуп, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин милдеттери менен муниципалдык кызматтардын жумушун да камтып кетчүдөй. Эгер кандайдыр бир окуя катталса ал жерге бириктирилген кызматтар ыкчам жетип барат. Шаар тургундарынын телефон чалууларын күтпөстөн маалымат баардык кызматтарга бирдей берилет.