Жаңылыктар
Жазгы талаачылык жумуштарына даярдыктар башталды
Айыл чарба
Жазгы талаачылык жумуштарына даярдыктар башталды

 Калың кар алигиче кете элек теңир-тоонун айрым аймактарында жазгы талаачылык жумуштарына даярдыктар башталды. Бактыга жараша, бул жолу мурдагыдай күйүүчү майлардын тартыштыгы болбойт. 

Механизаторлукту аркалаганына чейрек кылым болгон Мирбек Ташталов үчүн ар бир жаздын келиши чоң майрам. Ал эми бул жолу анын кубанычы эки эсе. Анткени, өзү мекендеген Нарын районундагы «Миң булак» айылынын паркы алда канча кубаттуу жаңы техникалар менен толукталды.

Расмий маалыматтарга таянсак, быйыл теңир тоо аймагындагы 38 миң 865 гектар жерди айдап-себүүгө 1908 трактор, 832 соко жана 1523 тырмоо пайдаланылмакчы. Учурда алардын тең жарымы даярдык сабына коюлду. Жергиликтүү адистердин пикиринде, алдыдагы өнөктүктүн шыдыр кетерине толук ишеним бар. Мындай оптимисттик маанайга көпчүлүк айылдарда бардык техникалардын бир жерге топтолуп, эмгектенүүнүн натыйжалуу кооперативдик ыкмасы тандалгандыгы себеп болду. Ал эми чет өлкөлүк инвесторлордун ири каржылык колдоосу өз максаты менен жумшалган Нарын районундагы «Миң булак» айылында техсервис уюштурууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.