Жаңылыктар
Өлкөдө мугалимдер тартыштык кылат
Билим
Өлкөдө мугалимдер тартыштык кылат

Мугалимдердин эмгек акысын жогорулатуу 2017-жылга чейинки туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясындагы негизги максаттардан болгон. Бул план акырындык менен аткарылып, бүгүнкү күндө агартуучулардын орточо эмгек акысы 14 миң сомду түзүүдө. Мындан тышкары “Жаш мугалимдин депозити” программасы ийгиликтүү иштеп жатат. Соңку үч жылда жогорку окуу жайларындагы педагогикалык факультеттерге окууну каалаган абитуриенттердин саны эки эсеге өстү.

Бүгүнкү күндө республикада алты жүзгө жакын мугалимдер тартыш. Алар математика, физика, химия жана чет тилдери боюнча адистер. Жетишпеген мугалимдерди билим берүү жана илим министрлиги быйыл жогорку окуу жайларын аяктай турган 3 миңден ашык бүтүрүүчүлөр менен толуктайбыз деп турат.