Жаңылыктар
Батыралиев коомдук байкоочу кеңештин мүчөлөрүн сотко берет
Ден соолук
Батыралиев коомдук байкоочу кеңештин мүчөлөрүн сотко берет

Саламаттык сактоо министри мекеменин алдындагы коомдук байкоочу кеңештин мүчөлөрүн сотко берет. 

Эки күн мурда байкоочу кеңештин мүчөлөрү шаардык саламаттык сактоо департаментинин жетекчисинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча комиссиянын ишине наарызылыгын билдиришкен. Алар министр комиссиянын курамын  өзгөртүү аракетин көрүп жаткандыгын айтып чыгышты.

Ал эми шаардык саламаттык сактоо департаментинин жетекчиси  кызматынан  кеткен үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчилеринин айыптоолоруна акыркы чечимди сот чыгараарын  белгилейт.   

Ошентип, саламаттык  сактоо министри талантбек Батыралиев ведомствонун алдындагы байкоочу кенештин мүчөлөрүн  сотко бере турган болду. Ал эми кубанычбек кулбатыров  кызматтан кеткен  ҮДТнун эки  жетекчиси менен соттошуп, чечим күтүп  жатат. Кимисиники туура  аны убакыт көрсөтөт.

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"