Жаңылыктар
Калктын аярлуу катмары камсыздандырууда жеңилдиктерге ээ болот
Кыргызстан жаңылыктары
 Калктын аярлуу катмары камсыздандырууда жеңилдиктерге ээ болот

 Калктын аярлуу катмары турак жайларын камсыздандырууда жеңилдиктерге ээ болот. Бул тууралуу социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев өз үйүн камсыздандыруу учурунда билдирди. 

 

Министрдин белгилөөсүндө, камсыздандыруудагы жеңилдиктер калктын аяр катмары үчүн маанилүү. Маселен, улгайган адамдар, аз камсыз болгон үй бүлөлөр, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери жана Ооган согушунун катышуучулары кыйла жеңилдиктерге ээ болот. 

Ал эми биринчи жана экинчи топтогу майыптар камсыздандыруу төлөмүнөн толук бошотулса, пенсионерлер камсыздандыруу акысынын жарымын гана төлөшөт.