Жаңылыктар
Айрым жергиликтүү кеңештер таратылышы мүмкүн
Саясат
Айрым жергиликтүү кеңештер таратылышы мүмкүн

Борбордук шайлоо комиссиясынын билдирүүсү боюнча республика боюнча ушул күнгө чейин 19  жергиликтүү кеңеш өз алдынча башкаруу органдарынын башчысын шайлай алышкан эмес. Буга кворумдун жоктугу жана көрсөтүлгөн талапкерлердин  тиешелүү добушту ала албай калганы себеп болгон. 

Мунун негизинде президентке айрым жергиликтүү кеңештерди таратып, мөөнөтүнөн мурда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо боюнча  сунуш киргизилмекчи. Ал арада талдоочулар жергиликтүү кеңештин депутаттарынын пикир келишпестиктери дагы буга  таасир берерин эске салышат.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"