Жаңылыктар
Аксы окуясына 15 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Аксы окуясына 15 жыл

Аксы окуясына 15 жыл толду. 2002-жылы 17-мартта Аксыда кыргыз жеринин бүтүндүгү, акыйкаттык үчүн, үй-бүлөлүк башкарууга каршы жөө жүрүшкө чыгышкан элге ошол кездеги бийлик ок атып, алты киши курман болгон. 

Президент Алмазбек Атамбаев Ак үйдүн алдындагы Аксы, апрель окуяларынын курмандыктарына тургузулган эстеликке барып, гүлчамбар коет. Ал эми Аксы районундагы иш-чарага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков катышып, мамлекет башчысынын кайрылуусун элге окуп бермекчи.