Жаңылыктар
Залкар комузчу Мадазимов тирүү болгондо 90 жашка чыкмак
Маданият
Залкар комузчу Мадазимов тирүү болгондо 90 жашка чыкмак

Айтылуу  залкар комузчу Болуш Мадазимов тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Ата кесибин улап, уулу Мамат Мадазимов комузчу болуп, жаш муунга тарбия берип  келет. Ал атасын эскерүү менен катар отчеттук концертин да берди. Анда коноктор  залкар комузчунун күүлөрүн угуп, баскан изине кылчайышты. Тилекке каршы 90 жылдык мааракеси көзү өткөндө белгиленди. Ал өтсө да, калтырган эмгеги түбөлүк өчпөй, эл арасында аңыз болуп айтылып, күү болуп чертилип кала берди.

Белгилей кетсек, 1927-жылы Кара-Суу районунда туулган Болуш Мадазимов Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекттик сыйлыктын лауреаты болгон. Комуз күүлөрүн чертүү менен бирге элдик дастандарды мыкты аткарган Мадазимов көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Залкар комузчу керемет өнөрү менен комуз күүлөрүнүн касиеттүү сырларын ачып, айтылуу Бек-Арстан менен Саринжи-Бөкөйдөн тарта мыкты күүлөрдү чертип келгени менен эл оозунда айтылып кала берет.

Асанбек Пазыл,  1-радио, Ош шаары