Жаңылыктар
ЖК: депкомиссия түзүү өнөкөткө айландыбы?
Саясат
ЖК: депкомиссия түзүү өнөкөткө айландыбы?

Жогорку Кеңеште “ата мекенчи” депутаттар “сөз эркиндиги” жана фракциялаштары үчүн түзүлгөн депкомиссия боюнча маселени создуктуруп жатат деп кесиптештерине нааразычылыктарын билдирди. Ошондой эле маселе каралгычакты “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаттары жыйындан чыгып кетти деп айыптады. Өз кезегинде “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаттары “ата мекенчилерди” фракциянын ички ишине кийлигишпөөсүнө чакырды. 

15-мартта Жогорку Кеңеште "ата мекенчи" депутаттардын иши боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия эч бир иш аткарбагандыгы айтылып, маселе бир катар талашып-тартышууларды жараткан эле. Анда эл өкүлдөрү Текебаев, Салянова, Шыкмаматовдордун ишин иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия бир айдан бери бир да чогулбай, керек десе төрагасы шайланып иш кылбагандыгы сынга алынган. Бирок аталган фракциядан депутат Наталья Никитенко депкомиссиянын иштөө мөөнөтүн узартып берүүнү өтүнгөн. Бирок маселе чечилген эмес.

16-марттагы отурумда да кайрадан талаш-тартыштар менен башталды. “Ата-Мекен” фракциясынан депутат Садык Шер Нияз Парламентте “сөз эркиндиги” жана фракциялаштарынын ишин иликтөөгө түзүлгөн депкомиссиянын маселесин чечүү создугуп жатканын сынга алды. Ал “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаттары маселел караларда жыйындан чыгып кеткенин айтып нааразычылык билдирди.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"