Жаңылыктар
Өкмөт мамлекеттик ишканалардын ишин оптималдаштырат
Саясат
Өкмөт мамлекеттик ишканалардын ишин оптималдаштырат

Ага ылайык, чыгашалуу делген 114 мамлекеттик ишкана жоюлуп, дагы 63 ишкана кайра өзгөртүлүп түзүлөрү айтылууда. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун билдирүүсү боюнча Кыргызстанда катталган 1130 мамлекеттик ишкананын ичинен 900 ишкана иштебей турат. 

Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча 33 мамлекеттик ишкананын кирешеси 43 миллиард сомго жакындап, өлкө бюджетине болгону 364 миллион сом которулган. 

Ишканалардын мындай чыгашалары, өлкө бюджетинин киреше бөлүгүнө сезилээрлик суммадагы каражат багыттоого мүмкүнчүлүк бербей келет. Муну эске салган өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндө көпчүлүк мамлекеттик ишканалар чыгашалуу болуп, өлкө мыйзамдарын бузуу менен иштегендери дагы  бар экенин айтат.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"