Жаңылыктар
Аялзат - дүйнөнү сактайт
Кыргызстан жаңылыктары
Аялзат - дүйнөнү сактайт

«Ар бир үй-бүлө бекем болсо - мамлекет күчтүү болот. Кыргыз айымдары коомдогу, өлкөдөгү саясий туруктуулуктун сакталышына жана улуттар ортосундагы ынтымакты бекемдөөгө опол тоодой эмгек өтөп келет»,- деген пикир бүгүн Ошто өткөн «Аялзат дүйнөнү сактайт» аталышындагы иш-чарада айтылды.

Ыйман, адеп жана маданият жылына жана алдыдагы Нооруз майрамын утурлай уюшулган саамалыкка Ош аймагындагы баатыр энелер, коомго эмгеги сиңген активист айымдар чакырылган. Бул жолу «Ала-Тоо айымдары» коомдук экологиялык кыймылы - президент тарабынан жарыяланган жылдын урматына карата «Уркуя» жана «Үлгүлүү үй-бүлө» медалын чыгарды. 

Башкы максат - мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкон айымдарга өз учурунда урмат-сый көрсөтүү. Ош шаары менен Ош облусунун аймагындагы 100 айым «Ала-Тоо айымы», «Уркуя», «Үлгүлүү үй-бүлө» медалдары жана «Каныкей» ордендери менен сыйланды. Иш-чара республиканын бардык аймактарында өткөрүлөт. Аталган кыймылга быйыл жети жыл толду.

"Келечек муунду, ыймандуу жаштарды тарбиялоодо эненин орду чоң, эне үйдүн гана куту болбостон, баланы тарбиялоодо, анын коомдо өз ордун табууда зор эмгек үрөшү керек. Балдарына жакшы тарбия бергенде гана ошол үйдүн ээлерин үлгүлүү үй-бүлө деп атасак болот", - «Үлгүлүү үй-бүлө» медалынын ээси Сайрабү Кенжебаева.

"Бул медаль, ордендер бардык эле айымдарга жөн жерден эле бериле бербейт. Бул сыйлыкка коомго, мамлекетке зор салым кошуп, бирок ошол эмгегин даңазалабай өз ишин мыкты деңгээлде жасап жүргөн айымдарыбыз татыды",- деди «Ала-Тоо айымдары» коомдук экологиялык кыймылынын төрайымы Жыпар Баргыбаева.