Жаңылыктар
Аксы курмандыктары эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Аксы курмандыктары эскерилди

Президент Алмазбек Атамбаев Аксы окуясынын курмандыктарын эскерди. Өлкө башчы бүгүн Бишкекте 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылы апрель окуясында курман болгондордун элесине орнотулган эстеликке гүлчамбар койду. 

Бул азем 2002-жылы 17-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында болгон каргаша окуялардын 15 жылдыгына арналды.


Ошондой эле, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков Боспиекке барып, каргашалуу Аксы окуясын эскеришти. Сапар Исаков президенттин кайрылуусун элге окуп берди. Иш-чара соңунда курман болгондорго куран түшүрүлдү. 

Эскерте кетсек, 2002-жылы Аксыда нааразылык акциялар өтүп, алты адам каза болгон.