Жаңылыктар
Сот тармагындагы реформа уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Сот тармагындагы реформа уланууда

Сот тутумунда аткарылып жаткан иштердин ачык болушу сотторго карата элдин ишенимин арттырат. Жогорку сотто маалымат айдыңында аткарылып жаткан иштер талкууланды. 

2013-жылы sot.kg сайты ачылып, интернет барагына өлкөдөгү судьялар кабыл алган чечимдер жана соттук актылар жайгаштырылып келет. Бул сайтка ар бир жаран кирип маалымат алууга укуктуу. Ошондой эле, жогорку окуу жайлардагы юридикалык окуу жайдын студенттери окуу куралы катары пайдаланса болот. 

"Сот адилеттигин ашырууга жардам берет, ар бир интернет чечимди ар бири окууга мүмкүнчүлүгү бар. Жоопкерчилик сезет сотто. Дагы бир айтчу нерсе бул сайт аркылуу коомчулукта ар бир соттун ишине баары берилет. Сот системасындагы коррупцияга бөгөт коет",- дейт Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева.

Өлкөдө жалпы 73 сот имараты бар болсо, ушул күнгө чейин 63 тармагы сайтка кошулган. Сот тармагындагы ачыктыкты камсыздоо - сот тармагын реформалоонун алкагында жасалган иштин бири.