Жаңылыктар
КТРКда "Соттук угуулар" жаңы теледолбоору башталды
УТРК жаңылыктары
КТРКда "Соттук угуулар" жаңы теледолбоору башталды

КТРК БУУнун Кыргызстанда тынчтыкты жана туруктуулукту илгерилетүү үчүн мыйзамдын үстөмдүгүн чыңдоо долбоорунун алкагында жаңы көрсөтүүнү обого чыгарууда. 

“Соттук угуулар” аталышындагы ар бири 40 мүнөт убакыттан турган 26 чыгарылыш кыргыз жана орус тилдеринде даярдалууда. Чыгармачылык топ долбоор үстүндө 1 жылдан ашуун убакыт иштеген. Көрсөтүүдө кадимки турмушта болгон соттук иштер чагылдырылат. Максаты, калктын укуктук сабаттулугун жогорулатуу болууда.


“Соттук угуулар" долбоору бир айда эки жолу берилет, бирок кайталоосу менен. Бүгүн биринчи жолу эфирге чыгып жатабыз. Бардыгы 26 көрсөтүү, мунун ичинде орус тилинде да бар, негизи кыргызча”,- деп билдирди «Маалымат» бирикмесинин продюсери Мырзакул Мамбеталиев.