Жаңылыктар
Аксы окуясынын тарыхтагы орду
Билим
Аксы окуясынын тарыхтагы орду

Ишеналы Арабаев атындагы окуу жайда Аксы окуясынын 15 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өттү. Тарыхчылар бул окуя Кыргызстандын тарыхында чоң мааниге ээ экендигин белгилешти. 

Тарых илимдеринин доктору Ташмамбет Кененсариевдин айтымында, аксылыктардын көтөрүлүшү - Акаевдин башкаруу мезгилинде күч алган кризиске каршы кагылган алгачкы коңгуроо болгон. Аксы окуясы басылгандан кийин, 2005-жылдын март айындагы революция - президенттин бийлигин кулаткан. 

Аксы окуясы, 2005-жылдын март айындагы революция жана Апрель революциясы - бул экономикалык өнүгүүгө жана эркиндикке болгон үч ашуу сыяктуу тарыхта кала берет, - деп билдиришти конференция катышуучулары.