Жаңылыктар
Шералы Назаркулов эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Шералы Назаркулов эскерилди

Апрель революциясынын баатырлары жана укук коргоочунун жакындары маркум Шералы Назаркуловго арналган эстелик тактага гүл коюшту. 

Шералы Назаркулов 2002-жылдын 7-февраль күнү, ошол кездеги парламенттик комитеттин төрагасы Азимбек Бекназаровдун камалышына каршылык көрсөтүп, саясий ачкачылык жарыялагандан 22 күндөн кийин, 51 жашында көз жумган. 

Андан сырткары, Назаркулов чек араларды делимитациялоо боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөсү болгон. Ал Кытай тарапка Кыргызстандын бир нече чакырым жерин өткөрүп берүү боюнча түзүлгөн кыргыз-кытай келишимине каршы чыккан. Анын жаркын элесине арналып куран окулуп, андан соң акциянын катышуучулары Апрель баатырларынын эстелигине гүл коюшту.

“Аксы окуясы да, Апрель окуясы да бийликти кулатуу багытында болгон. Бүгүн, айрым саясатчылар мекен үчүн өмүрүн берген баатырлар тууралуу туура эмес ойлорду айтып жаткандыгы өкүндүрөт. Аксы окуясына 15, ал эми Апрель революциясына 7 жыл болду. Мындай окуялар башка кайталанбасын”,- деген оюн билдирди “Айкөл Ала-Тоо” бирикмесинин төрагасы Мээрбек Мискенбаев.