Жаңылыктар
Диний экстремизди алдын алууда жалпы коомчулук биргелешип күрөшүүсү зарыл
Кыргызстан жаңылыктары
Диний экстремизди алдын алууда жалпы коомчулук биргелешип күрөшүүсү зарыл

Диний экстремизм менен терроризмдин алдын алууда жалпы коомчулук биргелешип күрөшүүсү зарыл. Мындай пикирди Жалал-Абад облусунда болуп өткөн координациялык кеңеште, Улуттук коопсуздук кызматы билдирди. Жыйынга прокуратура, милиция жана ӨКМ кызматы катышып, учурдагы эң орчундуу деген маселелер талкууланды. Жалал-Абаддан кабарчыбыз Осмон Уламсадыров улантат.

Жыйындын күн тартибинде орчундуу делген 4 маселе каралды.Биринчилерден болуп, Улуттук коопсуздук кызматы диний экстремизм жана терроризм менен күрөштө күчөтүлгөн иш алып барып жатканын айтты.Акыркы жылдары туура эмес азгырыктарга азгырылып, чет өлкөлөргө чыккандардын саны азайган. Учурда туура эмес диний уюмдар делип, коопсуздук кызматынын тизмесинде 140 тан ашуун жаран турат. Өткөн жылы эле 13 кылмыш иши козголгон. Мындай терс көрүнүштөрдүн келип чыгыш себеби - диний сабатсыздык.

Кылмыштуулук менен күрөшүү жана мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча облус прокурору маалымат берди. Анда өткөн жылы коррупцияга байланышкан 119 кылмыш иши козголуп,мамлекеттин эсебине 15 миллион сомдук зыян кайра кайтарылган. Бул кылмыш иштеринин көпчүлүгү айыл өкмөттөр менен шаар башчыларынын үстүнөн козголгон.

Жыйында өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана аны менен күрөшүү күч аракеттерин күчөтүү тапшырмалары берилди.Акыркы жылдары жер көчкүнүн кесепеттери көбөйүп,адам өмүрлөрүн алган учурлар катталууда.Учурда Жалал-Абад облусу боюнча кооптуу аймакта жашаган 1815 үй-бүлө бар. Аларга коопсуз жайга көчкүлө деген эскертүүлөрдү тоготпой келишет.

Жалал-Абад шаарынын борбордук базарларында өрт коопсуздугу жакшы сакталбай жатканы да айтылды. Буга чейин катталган бир топ ири өрт кырсыгына өрт өчүрүү кызматы жете албай калып, соодагерлер миллион сомдогон чыгашаларга учураган фактылар көп болгон.
Эки жарым саатка созулган координациялык кеңеште көтөрүлгөн маанилүү маселелерге айрым жетекчилер кызыккан жок. Айрымдары уктап да калды. Телефондон бошой албагандары катуу сынга кабылышты.

Жыйын соңунда мындан ары бир колдон жең,бир жакадан баш чыгарып, облустун өнүгүшүнө болгон күч аракетибизди жумшайлы деген сөздөр айтылды. Демилге кылбай, уктап жаткан жетекчилер иш жасабаса катуу чара көрүлөөрү да эскертилди.