Жаңылыктар
Бишкек шаарында 49 жол капиталдык оңдоодон өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарында 49 жол капиталдык оңдоодон өтөт

Жалгыз кытай грантынын эсебинен эле 49 көчөнү оңдоо каралган. Бирок, шаар тургундарын алардын сапаты кандай болот? - деген маселе ойлондурууда. 

Шаар бийлиги жол курууга арбын каражат жумшоодо. Бирок, кээ бир көчөлөр көп өтпөй эле мурдагы абалына келип калат. Шаар тургундары болсо сапатка маани беришсе дешет.

Тиешелүү мекемелер сапатка маани берилерин, бул үчүн атайын лаборатория баа берерин белгилешти.

Лабораториялык текшерүү жол салынып бүткөндөн кийин да жүргүзүлөт. Сапат талапка жооп бербесе, эрежеге ылайык ишкана өз каражаты менен курулушту кайра башташы керек.

Соңку жылдары жолго байланыштуу көптөгөн долбоорлор ишке ашырылып жаткан Кыргызстанда курулуштун атайын стандарты калыптанган.

Материалдар өз өлчөмүндө пайдаланылып, иш талаптагыдай аткарылган күндө да, жолдун бузулуп калышына себеп болгон башка жагдайлар да бар. Адистер аба ырайынын таасирин дагы эске алуу зарыл экенин айтышат. Ошондой эле автоунаалар көптүгү менен жүктөрдүн көлөмү да көйгөй жаратып жатат деген түшүнүк пайда болду.

Борбор калаада ондогон көчөлөрдөгү жолдор оңдолгону турат. Жалгыз кытай грантынын эсебинен эле 49 көчөдө 95 чакырымды түзгөн курлушту жүргүзүү каралган. Алардын 11де иш башталды. Сапатын Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы көзөмөлдөйт.