Жаңылыктар
Пейил оңолсо, иш илгерилейт
Кыргызстан жаңылыктары
Пейил оңолсо, иш илгерилейт

Мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражатты гана күтүп отурбай, элдин кол кабышы же жергиликтүү инвестициянын эсебинен эле айыл жериндеги социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө болот.

Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтү былтыркы жылда жергиликтүү бюджеттин эсебинен бир жарым миллион сомго таза суу жеткирүүчү куурларын ишке киргизип, бир эмкана ачты. 

Маданият айылынында таза суу көйгөйү да оор болуп келген. айылдагы 3 миңден ашуун жергиликтүүлөр эл буга чейин ичүүчү таза сууну коншу айылдан же, 5 чакырым алыстан ташып ичишчү. Күн-түн дебей, кранда суунун агып турганын элет жериндегилер чейрек кылымдан бери күтүп келишкен. 570 кожолукка жетүүчү суу куурлары алынып келинди.