Жаңылыктар
Жалгыздыкты жандаган карылык
Кыргызстан жаңылыктары
Жалгыздыкты жандаган карылык

Кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн бири - Жусуп Абдырахмановдун кызы Ленина Абдырахманова жалгыз күн кечирип келет. 80 жаштан ашкан апа чакан үйдө турат. Үйүнөн алыс чыга албаган кары адамдын ден соолугуна күн алыс туугандары келип кабар алып турат. 

Кыргызстандын өзүнчө мамлекет болуп калыптанышына салым кошкон адамдын кызынын жашоосу өп-чап, кыйын абалда. 

Улуу инсандын кызы көп жылдан бери жалгыз жашайт. Жума сайын туугандары келип кабар алганы болбосо, көзү начар көргөн кары адам, өзүнүн жанын өзү багат. Жусуп Абдырахманов кызынын ысымын жол башчы Лениндин урматына арнап койгон. Ымыркай 11 айга толгондо атасы эл душманы деп атылып кеткен. Ленина атасын көрбөй, оор турмушту башынан кечирген.

Ушу күндө чыгаан адамдын артынан жалгыз кызы калды. Ал атасынан калган документтерди бапестеп сактайт. Ленина апанын улуу агалары болсо согуштан кайтпай калган. Эл душманы айыпталган Жусуп Абдырахмановдун кызы атасын актап берүү тууралуу жогору жактарга кат жолдоп отуруп Жусуп Абдырахманов акталган. Андан кийин бүлөсүнө мамлекет ушул чакан үйдү берген.