Жаңылыктар
Анкарадагы жардыруу 28 адамдын өмүрүн алды
Дүйнө
Анкарадагы жардыруу 28 адамдын өмүрүн алды

Түркиянын борбору Анкарада катуу жардыруу орун алды. Анда каза болгон 28 адамдын дээрлик көбү аскер кызматкерлери экени маалымдалды. Жаракат алгандардын саны 61ге жетти.

Жардыруудан жапа чеккендердин арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу бүгүн тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурлан Суеркулов билдирди. 

 

Маалыматтарга караганда, аскерлер түшкөн автобус жол чыракка токтогон учурда анын жанындагы жардыргыч заттар коюлган унаа жарылган. Туркия бийлиги, бул жардырууну теракт деп атап, Курдистандын жумушчу партиясын күнөөлөдү. Теракт - Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн баш кеңсеси, парламент жана башка бир катар өкмөттүк имараттар жайгашкан райондо болгон. 

Учурда аймак курчоого алынды. Белгилей кетсек, 2015-жылдын октябрь айында Анкара шаарында жардыруу болуп, 86 адам жан берсе, 200дөн ашыгы жарат алган. Ал теракт боюнча жоопкерчиликти эч ким өз жоопкерчилигине ала элек.