Жаңылыктар
Сапаттуу санарип зарыл
Кыргызстан жаңылыктары
Сапаттуу санарип зарыл

15-майдан баштап аналогдук телеберүүлөр токтоп, санарипте көрсөтүлө баштайт. Учурда атайын топ эл кыдырып, жеринде жагдай менен таанышып, элге да түшүндүрүп жүрөт. Кезектеги жыйын Каракол шаарында өттү. Учурда караколдуктар социалдык пакет аркылуу 41 каналды санарипте көрүү мүмкүнчүлүгүн алышкан. Шаар аймагында бул жаңы форматтагы телеберүү боюнча орчундуу маселе жок. 

Ал эми Ысык-Көл облусунда санарипке өтө элек дагы 50 айыл бар. Булар дээрлик тоолуу, алыскы аймактар болгондуктан аларга автоматташтырылган ретрансляторлорду орнотуу саамалыгы жүрүүдө. Азыркы учурда облустун калктуу пунктарынын 80 пайызга жакыны санарипке кошулган.