Жаңылыктар
Кыргызстан-Индия алакасына 25 жыл
Саясат
Кыргызстан-Индия алакасына 25 жыл

Президент Алмазбек Атамбаев жана Индиянын президенти Пранаб Мукерджи эки өлкө ортосундагы дипломатиялык алаканын 25 жылдыгына карата бири бирине телеграмма жолдошту. Индия менен Кыргызстан ортосундагы алаканын 25 жылдык мааракеси менен кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан куттуктайм. 

Эки мамлекет ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык алаканын кеңеип жатканын абдан жогору баалайм. Индия элине бекем ден-соолук, бакубатчылык, гүлдөп өнүгүү каалайм, деп жазылат президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосунда. Индия президент Пранаб Мукерджи мамлекеттер аралык ар тараптуу алаканын кеңейип жатканын кубанычын билдирип, кыргыз элине жана мамлекет башчысына бекуйттук, тынчтык жана туруктуулук каалаган.Флаги блока: