Жаңылыктар
Ноорузду тосуу жөрөлгөсү
Кыргызстан жаңылыктары
Ноорузду тосуу жөрөлгөсү

Өлкөдө Нооруз майрамын утурлай салтанаттуу иш-чаралар өтүп жатат. Бишкек шаарындагы № 24-мектепте дагы жаз майрамына карата саамалык уюштурулду. Билим берүү мекемесинин эмгек жамааты, окуучулар жана ата-энелер улуттук тамак-аштын түрлөрүн даярдап, оюн-зоок уюштурган. 

Мугалимдер мектептин короосунда боорсок бышырса, жаштар чүкө атып ойноп, тушоо кесүү жөрөлгөсү жасалды. Мектеп жамааты “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында жаштарды ыймандуулукка тарбиялоо максатында Нооруз майрамын белгилеп жатканын айтат.