Жаңылыктар
Кыргызстан жана Кувейттин маданий достугу бекемдөөдө
Маданият
Кыргызстан жана Кувейттин маданий достугу бекемдөөдө

 Кыргыз жана Кувейт өкмөттөрүнүн ортосунда маданият жаатында кызматташуу келишимине кол коюлду. Иш чара Кыргызстандын Кувейттеги «Маданият күндөрүн» белгилөө сапарында ишке ашты. 

Анда - маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов кувейттик кесиптеши Салман Сабах Ас-Салим Аль-Хамуд Аль-Сабах менен жолугушканын тышкы иштер министрлиги маалымдады. 

Жолугушууда Алтынбек Максутов Кувейт элин Кыргызстандын “Маданият күндөрү” менен куттуктап, аны уюштурууга чоң жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. 

Ошондой эле, мындай иш чара кыргыз-кувейт алакасын жана достугун чыңдаарын белгиледи. Министр, өз сөзүндө 2015-жылдын декабрь айындагы Президент Алмазбек Атамбаевдин Кувейтке болгон иш сапары эки өлкөнүн алакасын бекемдөөгө мыкты түрткү болгонун кошумчалады.