Жаңылыктар
Анатолий Тимошенко: "Ыр жазуу - оорумду жеӊгенге күч берет"
Кыргызстан жаңылыктары
Анатолий Тимошенко: "Ыр жазуу - оорумду жеӊгенге күч берет"

Анатолий Тимошенко биринчи топтогу майып. Бөйрөктүн поликистоз оорусу менен ооруйт. Бул эки бөйрөктө киста пайда болгон оору. Бүгүнкү күндө гемодиализ алып жашайт. Анысына карабай ыр жазып, чыгармачылык менен алектенет. Чыгармачылыгына анын агасы таасир бергенин айтат.

Жубайы менен ажырашкандан кийин, кызын кичине кезинен бери өзү 1732сом суммасындагы жөлөк пулга багып чоӊойткон. Кызына дайыма пельмен жасап берип, өзү болсо ооруканадагы ботко менен тамактанган. Мүмкүнчүлүгү чектелгенине байланыштуу иштөөгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Ошондой болсо дагы жакшы адамдар тамак-аш, турмуш тиричилигине керектүү нерселер менен жардам берип турган. 

Ырларын топтоп алып бир нече жолу ошол учурдагы «Жазуучулар союзуна» кайрылган. Эч ким аны колдоп ырларын чыгарууга жардам берген эмес. Ар ким ырларын окуп угуп, жактырып китеп кылып чыгарууга куру убадаларды берип келген. Анын жүрөгүнүн тереӊ каалосу ырларын китеп кылып чыгаруу. 

Анатолий 62 жашта.Оорусу күчөгөнүнө байланыштуу 2011-жылдан баштап 2014-жылга чейин көзүнүн көрүүсү өтө эле начарлап, ары бери кыймылдабай калган. Оруканада көп баргандыктан ал жактагы дарыгерлерге, кызматкерлерге, бейтаптарга арнап ыр жазган. Алардын арасында журналист Александра деген кызга ада арнаган ыры бар. Бирок ал кыз оорунун айынан эрте көз жумган.

Анатолий Николаевич лирикалык жанрдагы ырларды жазат. Жакында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун демилгеси менен 140 нускада ырларынын жыйнагы жарык көрдү.

Жүрөгүндөгү каалоосу көзүнүн тирүүсүндө аткарылганына сүйүнгөн каарманыбыз сезимдерин мындай бөлүштү.

«Ыр жазганда ооруган жеримди унутуп калам. Чыгармачылык менин оорумду жеӊгенге күч берет. Чыгармаларымдын китеп болуп чыгышын куткөн эмесмин. Бир күнү Кызыл Ай коомунун жалгыз бой карылар менен иш алып барган Жамиля Мадалбекова чалып келиӊиз, деди. Эч нерсе оюмда жок бардым. Барсам, китепти колума карматты. Колумдагы китепти карап ишене албай турдум. Жакыр адам акча тапса кандай кубанса, мен дагы ошондой кубандым».

31-мартта китебинин ачылыш аземи болот. Бул иш чарага кызуу даярданып жаткан учуру. Жакында китебин сатыкка коюп көрүп, майнап чыкпаганын да бөлүштү.

Жеңишкүл Тоголокова