Жаңылыктар
КТРК: кыргыз поэзиясынын классиги А.Осмоновдун урматына "Поэзия күнү" өтүп жатат
Маданият
КТРК: кыргыз поэзиясынын классиги А.Осмоновдун урматына  "Поэзия күнү" өтүп жатат

21-мартта Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Кыргыз радиосу  кыргыз поэзиясынын классиги А. Осмоновдун туулган күнүнүн урматына "Поэзия күнүн" өткөрөт. 

Эртең мененки 9.00дөн кечки саат 21.00гө чейин Кыргыз радиосунун түз эфиринде Алыкулдан баштап, кыргыз акындарынын бардыгынын ырлары окулат. 

Каалоочулар үчүн эшик ачык. Алыстагылар же мүмкүнчүлүгү болбой радиого келе албагандар болсо, 0312 65-66-10; 65-67-04 телефондору аркылуу да ыр окушса болот. Келиңиздер, өзүңүздөргө жаккан акындын ырларын көркөм окуп, жан дүйнөңүздү байытып кетиңиздер. Дарегибиз: Жаш Гвардия бульвары 59.

Белгилей кетсек, бул саамаалык үчүнчү ирет өтүп жатат.