Жаңылыктар
СССР Эмгек сиңирген артисти Сабира Күмүшалиевага 100 жыл
Маданият
СССР Эмгек сиңирген артисти  Сабира Күмүшалиевага 100 жыл

СССРдин Эмгек сиңирген артисти, Кыргыз Эл Баатыры, театр жана кино актрисасы Сабира Күмүшалиеванын көзү тирүү болгондо, быйыл 100 жашка чыкмак. 

Кыргыз маданиятына ат көтөргүс кызмат өтөгөн Сабира Күмүшалиеваны кыргыз искусствосунун көрүнүктүү инсандары эскеришип, "Ала-Арча" көрүстөнүнө барып гүл коюшту. 

Кыргыз театрынын Умай энеси атыккан актриса атайын актерлук билим албаса да табигый жөндөмү, тубаса таланты менен кичинекей эпизоддук образдарды жаркыратып ачып бергендиктен “кичинекей ролдордун чоң актрисасы” деген ары жөнөкөй, ары таамай баага татыган. 

Күмүшалиева 2007-жылы 14-сентябрда 92 жашында көз жумган.