Жаңылыктар
Санарип кербени Аксыда
Кыргызстан жаңылыктары
Санарип кербени Аксыда

Өкмөт ошондой эле калкты маалымат менен камсыздоо жана телеберүүлөрдү толук санарипке өткөрүү максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. “Санарип кербени” Аксы, Ала-Бука райондорунун тургундарына барды. 

Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин адистери менен Аксы районунун жергиликтүү жетекчилери санарипке өтүү алкагында кеңири талкуу жүргүзүштү. Жыйында эфир катып, айрым учурда тартпай калып жатканын айткандар да болду.

Мындай көйгөйлөрдөн арылуу үчүн адистер сапаттуу антена, сапаттуу кабель жана сапаттуу ресиверлерди сатып алуу зарыл экенин эскертишти.Андан соң,антенаны жакынкы теле мунарга туура багыттоо керек. Азыркы тапта Аксы району боюнча 3 телестанция иштеп жатат. Бирок санарип жетпей мурдагыдай аналог менен эфир көрүп жаткан айылдар да жок эмес. Алардын саны 22 ге жетет. Бул айылдар толук санарип менен камсыз болушу үчүн дагы кошумча телестанциялар курулат.Ал үчүн жергиликтүү бийлик имарат маселесин чечиши зарыл.

Бирок Жардуу-Колот айылынын тургуну Роза Турдалиева,өлкөдө санарип иштеп баштаганда эле өз сыналгысын туташтырган.Буга чейин 2-3 гана каналды көрүп келгенин айтат.

Адистердин айтымында, азыркы тапта Жалал-Абад облусу 95 пайыз санарип менен камсыз болгон. Тактап айтканда, облуста 64 айылга санарип жете элек.