Жаңылыктар
Нооруз көркү - сүмөлөк
Кыргызстан жаңылыктары
Нооруз көркү - сүмөлөк

Нооруз сүмөлөксүз өтпөйт. Ырыскынын, токчулуктун майрамында сүмөлөк фестивалы өтүүдө. Нооруз майрамына карата кырк казанда сүмөлөк кайнатылууда. Улуттук баалуулуктарды, анын ичинде кыргыз даамдарын даңазалоо менен сүмөлөкө коомчулуктун көңүлүн буруу максаты болууда. Иш - чара эл аралык деңгээлде уюштурулуп, өлкө аймагындагы бардык дубандардан өкүлдөр келип, казан асып сүмөлөк кайнатууда.

"Сүмөлөк фестивалы” мындан бир нече күн мурда Нооруз майрамынын негизги азыгын даярдоо иштери менен башталган. Кырк казан асылып, анда кырк токоч бышырылып келгендерге таркатылууда. Нукура кыргыз даамы жыттанган Нооруз майрамын ыр бий коштоодо.
Майрамды кырк кыздын бийи шаңга бөлөдү. Жаштар кырк санына өзгөчө көңүл бурулуп, бул жылы молчулук болоорун айтышат.
Өткөн жылы жети дубандан келген өкүлдөр жети казан асып сүмөлөк кайнаткан болсо быйыл, кырк казан асылып, кырк уруунун башы бирикти. Өзгөчөлүгү, түнү менен кайнатылган ар бир казандан сүмөлөк алынып ордо казанга куюлуп аралаштырылат. Бул кыргыз жеринде ынтымак, биримдик болсун деген тилек.

Түнү менен кайнатылган кырк казандагы сүмөлөк Нооруз күнү саат ондо ачылат. Ага чейин түнү бою ыр бий коштогон майрам уланат.