Жаңылыктар
Бүгүн Нооруз майрамы
Маданият
Бүгүн  Нооруз майрамы

Бүгүн, 21-март Нооруз майрамы. Ал - аруулуктун, тазалыктын, жаңылануунун майрамы. Күн менен Түндүн теңелген мезгили катары 21нен 22-мартка караган түндү эсептеп, «жаңы күн, жаңы жыл келди» деп, жакшылыка үмүт кылып шаңдуу майрамдык каада-салттар өтөт. 

Бул күнү адамдар эски таарынычтарын унутуп, бири-бирин сыйлап, үй ичин тазалап, арча менен аластап, жакшылыкка тилек кылышат. 

Ар бир үйдө колунан келген даамын, тамак-ашын жасап, дасторкон жайышат. Ноорузда атайын кастарлап жасалуучу даамдын бири - сүмөлөк.